Мектептердеги зомбулук маселеси талкууланат

Бүгүн Бишкекте мектепке барбаган окуучулардын көйгөйлөрү жана мектептердеги зордук-зомбулуктун күч алып жатышынын себептери талкууланат. Андан сырткары билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча маалымат берилмекчи.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. (КЕ)