Каддафинин уулу Ливияда соттолушу ыктымал

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Ливиянын жаңы бийлиги Муаммар Каддафинин уулу Саиф Ал-Исламды соттоого укуктуу деп билдирди. Бир нече ай мурун сот Саиф ал-Исламды жана чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчисин кармоо боюнча эл аралык ордер чыгарган. Алар адамзатка каршы жасалган кылмыштар үчүн айыпталууда. Баш прокурор Луис Морено-Окампо диктатордун уулун өлкөнүн өзүндө соттолушу Ливия үчүн маанилүү болоорун белгиледи.