Жалал-Абадда майып аял өз жанын кыюуга аракет жасады

Жалал-Абаддагы үй-жайсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз-жарым жарандардын көйгөйлөрүн Лидия Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоо боюнча республикалык бирикменин Жалал-Абаддагы бөлүмү козгоп чыкты. Бөлүмдүн төрайымы Лидия  Линдоренконун 24-ноябрда билдиргенине караганда,  керебеттен тура албаган же баса албаган мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо, алар менен жекеме-жеке иштөө боюнча мыйзам иштебей жатат. Бөлүм көчөдө жашаган 22 адамды каттаган.

Басууга жарамсыз кишилерге көрүлгөн камкордуктун начардыгынан жакында  депрессия оорусу бар 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген аял өз жанын өзү кыюуга аракет кылып, азыр ооруканада жатат.

Жалал-Абад шаар мэри Бакытбек Адылов мэрия  көчөдө жашаган үйсүз адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу долбоорун иштеп чыкканын билдирди. Ал долбоор шаардык Кеңештин сессиясына сунушталат .  Жалал-Абад шаардык Кеңеш бөлгөн каражат менен  шаардагы “Кайрымдуулук” борборунда күнүнө  түшкүсүн бир маал 87 адамга жылуу тамак берилип жатат. (YA/RK)