Жалал-Абад: “Каниет” кризистик борборунун каржылык абалы оор

Жалал-Абаддагы “Каниет” кризистик борборуна баш калкалап  келгендердин тамак-ашы үчүн каражат жок болууда. Борбордун башчысы Нургүл Жолоева 24-ноябрда быйыл борбордун кызматкерлеринин айлык акысынын эсебинен баш калкалоого өтө муктаж болгон  3 балалуу эки аял борбордо 3-7 күндөн убактылуу баш калкалап кеткендигин билдирди. Анын айтымында,  борборго жыл башынан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун айынан кордук көрдүк  дешкен 300дөй адам кайрылган. Аларга борбордун адистери тарабынан психологиялык, моралдык жана юридикалык жардам берилген. (YA/RK)