Кыргызстандын абактарындагы кыйноо проблемасына арналган талкуу бүгүн Ошто өтүп жатат. Кабарчыбыздын билдиришинче, аны жергиликтүү адвокаттар уюштурушкан. Талкуунун катышуучуларынын пикиринде, азыркы мыйзамдарда кыйноо жасагандарды жазалоо чаралары жеңил. Кылмыш-жаза кодексине мындай кылмышка барган күч кызматкерлерин жазалоону катуулатыш керек деген пикирлер айтылды. Жыйынга 15тей адвокат катышууда. Расмий булактар кыйноо фактылары бир-эки гана учурда болгонун айтып келишет. Бирок укук коргоочулардын пикиринде, мындай фактылар жүздөп саналат. Өзгөчө тергөө абактарында жана башка жабык жайларда. (ErN/RK)