Сирия Арап лигасынын талабына бүгүн жооп бериши керек

Лига расмий Дамасктан байкоочуларды киргизүү талабын коюп, буга макул болбосо, эртең Сирия менен соода-сатыкты токтотуу жөнүндө чечим чыгарып калышы мүмкүндүгүн эскерткен. Лиганын байкоочулары Сириядагы абалды аңдап, сегиз айдан берки зордук-зобунду токтотууда жардам беришмек.

Арап лигасы “Сириядагы режим кызыл кыргынды токтото албады” деп, өлкөнү убактылуу катарынан чыгарган. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде бул жумурияттагы кагылыштарда кеминде 3,5 миң адам өлдү.