Айыл окуучуларын мектепке автобус ташыйт

Чүй облустук администрациянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта Лесное айылынын окуучулары үчүн автобус уюштурулат. Жол кире беш сом болот.

24-ноябрда өкмөт жыйынында Сокулук районунун акиминин милдетин аткаруучу Эпкинбек Ашырбаев аталган айылдын 170тен ашуун окуучусу мектепке бара албай калганын билдирген болчу. Анын айтымында, бул окуучулар 7 чакырым алыс жайгашкан Манас айылына барып-келип окушат. Буга чейин АКШнын Манас аба майданындагы транзиттик борбору гуманитардык жардам катары автобус берген, бирок жергиликтүү бийлик тиешелүү документи жок деген жүйөө менен автобустун иштешине тыюу салган болчу. (EBM)