IT технологиясы боюнча ишкерлер акылдашат

Бүгүн Кыргызстанда маалымат технологиялары (IT) багытында иштеген бизнесмендердин алгачкы жолугушуусу өтөт. Иш-чара АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулууда. Аталган элчиликтен билдиришкендей, IT тармагындагы ишкерлер, эксперттер жана кеңеш берүүчүлөрдү бириктирген мындай жолугушуу мурда Кыргызстанда өткөн эмес. Иш-чаранын максаты IT ишкерлеринин уюмун түзүү, аларга колдоо көрсөтүү жана бул тармакка инвестицияларды тартуу болуп саналат. (EBM)