Жалал-Абадда карамай таңкыстыгы болбойт

Жалал-Абадда карамай таңкыстыгы болбойт. Бул тууралу 29-ноябрда губернатордун орун басары Кадырбек Жакыпов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Ошко түшкөн 22 вагон күйүүчү майдын 6 вагону (же 360 тоннасы) Жалал-Абадга келатканы белгилүү болду. Облуста бензин жетпей калат дегенге жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалар токтоп калды   дегенге негиз жок. Бишкек-Ош жолунда  буга дейре түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ошол жол менен облус аймагына келе жаткан бензин тарткан  8 автоунаа жолдо туруп калган. Жалал-Абадда  күйүүчү май сатуучу 4 станция иштеп жатат. Шаар тургундары бүгүн түшкө дейре Жалал-Абадда бензин тартыштыгынан күйүүчү майдын литри 45-46 сомго чыгып, май куюу бекеттеринде унаалардын узун кезеги пайда болгондугун жана  райондор аралык чакан автобустар сейректеп калганын «Азаттыкка» билдиришкен. (YA/RK)