Иракта сунни-шии өч алуулары уланууда

Ирактын шиит калктуу Калис шаарында унаага коюлган бомбадан 10 жаран мерт болду; калаада коменданттык саат киргизилди. Ал эми Калистен 30 чакырымдай алыстагы сунни калктуу Бухрис шаарында куралчан адамдар үч үйгө кол салып, сегиз адамды атып кетишти. Курман болгондор АКШлык аскерлерге жергиликтүү “ал-Кайидачыларды” жеңгенге көмөктөшкөн Сахва милициясынын мурдагы мүчөлөрү экени кабарланды.

Бүгүн АКШ вице-президенти Жо Байден жана Ирак өкмөт башчысы Нури Малики америкалык аскерлердин Ирактан чыгарылуусуна арналган салтанатка катышты. Калган америкалык 13 миң жоокер жакынкы жумаларда Иракты таштап кетет.