Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Кабарга ылайык, Фарид Ниязовду кеңешчиликке дайындоо тууралуу буйрукка Алмазбек Атамбаев 3-декабрда кол койду.

Президенттин дагы бир буйругуна ылайык, буга чейин кеңешчиликти аркалап келген Султанбай Айжигитов ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Фарид Ниязов премьер-министрдин кеңешчиси болчу. (BkA)