Индия: ооруканадагы өрт 70тен ашык кишинин өмүрүн алды

Бийликтердин маалыматына ылайык, алар Колката шаарындагы ооруканада бүгүн чыккан өрттө камалып калып көз жумушту. Өрт жеке менчик оорукананын жер төлөсүндө чыгып, тез эле беш кабаттуу имаратты каптады.

Өрт эмнеден башталганы азырынча белгисиз. Полиция 60 чакты киши куткарылганын билдирүүдө. Имараттын ичинде дагы канча киши камалып калганы белгисиз.