Италияда бүгүн иш таштоо болгону жатат

Бүгүнкүгө мерчемделген иш таштоодон кайра тартпай турганын профсоюздар билдирүүдө. Алар премьер-министр Марио Монтинин пенсиялык реформасына нааразы болуп жатышат. Пенсиялык реформа азыркы өкмөт тарабынан Италияны каржылык кыйроодон сактап калуу үчүн сунуш кылынган.

Иш таштоону алдын алуу аракетинде премьер-министр Монти кечээ профсоюздардын лидерлери менен жолукту. Ал сунуш кылган үнөмдөө чаралары пенсиялык системаны толугу менен  кайра кароону, салыктын кээ бир түрлөрүн көбөйтүүнү, мүлк салыгын калыбына келтирүүнү камтыйт.