Ирактын премьер-министри АКШга келди

Нури ал-Маликинин Вашингтондогу визити эки күнгө мерчемделген. Визит АКШнын акыркы аскерлери Ирактын чыгып жаткан учурга туш келүүдө.

Ирактын премьер-министр баштаган делегациясы Вашингтондогу сапары учурунда АКШ президенти Барак Обама, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, вице-президент Жо Байден жана башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.