Бишкекте студенттик театрдын ачылышы болот

Бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде алгачкы студенттик театрдын ачылышы болот. Бул тууралуу окуу жайдын консерваториясынын жетекчиси, профессор Мелис Шаршенбаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, атайын лабораториялык студиянын ачылышы менен актердук чеберчилик багытында билим алган студенттердин эртелеп театрга аралашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Студенттик театрдын ачылыш аземине Кыргызстандын театр коомчулугунун өкүлдөрү катышмакчы. (KKs)