Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын башчысынын кеңешчиси Табылды Исаев билдирди. Анын айтымында, бирок жашы улгайган жана ден-соолугу начар адамдар тамак ала баштады. Нааразылык акциядан баш тарттыруу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

Кыргызстандын жети абагында ачкачылык акциясы 13-декабрда башталган. Расмий маалыматка ылайык, түрмөдөгүлөр кармоо шартын жана тамак-аш менен камсыздоону жакшыртууну талап кылып жатышат. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул нааразылык акция Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун кызматтан кетиши менен байланыштуу деп билдирген болчу. (EBM)