Мамырова: Памир кыргыздарын колдоо программасы керек

Парламенттин бүгүнкү отурумунда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова памирлик кыргыздарга жардам берүү боюнча программа түзүп, аны каржылоону келерки жылдын бюджетине киргизүү боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Анын айтымында, памирлик кыргыздардын балдарын окууга тартуу, ден-соолуктарына кам көрүү зарыл.

Маалыматка караганда, Ооганстандагы Памир чөлкөмүн 4 миңден ашуун этникалык кыргыз байырлайт. (EBM)