Путин президент болсо Ходорковскийге мунапыс берүүнү карайт

Премьер-министр Владимир Путин 2012-жылы Орусиянын президенти болуп шайланып калса, ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийге мунапыс берүүгө өтүнүч жазылса, аны карайт.

Бул тууралуу Путин теле-радио аркылуу орусиялыктар менен түз суроо-жооп баарлашууда айтты. Ошондой эле декабрдын башында Мамлекеттик Думага өткөн шайлоодон кийинки кырдаал боюнча суроолорго дагы жооп берди.

В.Путин президент болуп шайланса Д.Медведевди өкмөт башчылыкка сунуштайт. Орусиянын губернаторлорун шайлоону президенттин көзөмөлү астында тикелей добуш берүү аркылуу өткөрүү талкууланып жатканын дагы билдирди.