Премьерликке Жапаров менен Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Жогогорку Кеңеште жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаевдин билдиришинче, “Ар-намыс” фракциясы өкмөт башчылыкка Акылбек Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү. “Ата Мекен” фракциясы болсо Равшан Жээнбековду сунуштап жатат. Буга чейин “Республика” фракциясы бул кызмат орунга Өмүрбек Бабановду көрсөткөн. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков аталган фракция да Бабановдун талапкерлигин колдогонун “Азаттыкка” маалымдады. (EBM)