Казакстан: Жаңыөзөндө массалык башаламандык болду

Казактсандын Башкы прокуратурасы Маңгыстоо облусундағы Жаңы-Өзөн шаарында массалык башаламандык болгонун тастыктады. Шаардын «Ынтымак» борборунда Казакстандын төбөлсүздүгүнө арналган майрамдык иш-чаралар үзгүлтүккө учурап, 2 полиция кызматкери таяк жеген.

Жаңыөзөндүн акиминин орун басары Тлеккабылова журналисттерге
«Майрамды жакшы маанайда тозо алган жокпуз. Аянтка Казакстандын желегин көтөргөн балдар чыкканда таякчан жаалданган топ каршы чыкты», - деп билдирген.

Жергиликтүү «Актау-Лада» гезитинин маалыматында 5 полиция кызматкери катуу жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Башкы прокуратура 2 полициячы сабалганын тастыктап, кылмыш иши козголгонун билдирет.

Айрым маалымат каражаттары тополоң уюштурган топ "Озенмунайгаз" ишканасынын мурдагы нефтичилери экендигин жазып чыкты. Жаңыөзөнде жарым жылдан бери мунайчылардын нааразылык акциялары уланууда.

Бүгүн Казакстандын эгемендигинин 20 жылдыгы белгиленүүдө.