Жалал-Абадда отун-көмүр кымбаттоодо

Жалал -Абад шаарынын базарында 30 килограммдан деп эсептелген бир кап көмүрдүн баасы 250, 50 - 60 килограммдан деп өлчөнгөн бир
мүшөк көмүрдүн баалары 350-400, кертилген бир кап отундун баасы
200 сомго чыкты. Тонналап эсептегенде көмүр баасы жети
жарым-сегиз мин сомго барат. Колунда жок үй-бүлөлөр каражатынын тартыштыгынан отун-суу камдай албай кыйналышууда. Жеригиликтүү тургундар былтыр ушул маалда бир кап көмүрдүн баасы 150-180 сом болгонун айтышууда.(YA)