Грузия Ооганстанга кошумча 700 аскер жөнөтөт

Шейшембиде грузин парламенти Ооганстанга кошумча аскер бөлүктөрүн жиберүү чечимин жактырды. Депутаттардын дээрлик 100% чечимди колдоп, 1 депутат каршы добуш берди.

Бул курамын жөнөткөндөн кийин Грузия НАТОго мүчө эмес өлкөлөрдүн ичинен Ооганстанга эң көп аскер жиберген мамлекет болот.

700 аскерден турган курам Ооганстанда кызмат өтөп жаткан 900 грузин жоокердин катарын толуктайт.