Ходорковскийдин иши боюнча экспертизанын жыйынтыгы жарыяланат

Президенттин алдындагы жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңеш ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийдин «экинчи иши» боюнча коомдук-укуктук экспертизанын жыйынтыгын бүгүн жарыялайт.

Мындай экспертизаны өткөрүү демилгеси ушул жылдын 1-февралында Екатеринбург шаарында кеңештин мүчөлөрү президент Медведев менен жолукканда көтөрүлгөн.

Анда Орусия президенти эксперттер Ходорковскийдин иши боюнча соттук чечимдерди укутук жактан тактап берүүсүнө өтө ынтызар экендиги билдирген.