Жогорку Кеңеш төрагасын шайлаганы жатат

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда парламенттин спикерин шайлаганы жатат. Коалициялык көпчүлүк төрагалыкка Социал-демократтар фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбековду көрсөттү. КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков отурумдун башталышында “Биримдик” коалициясы төрт фракциянын - КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекендин”  91 депутатынан түзүлгөнүн расмий жарыялады. 

Президент Алмазбек Атамбаев 8-декабрда коалиция түзүү мандатын КСДПга тапшырган болчу. (EBM)