Жаңы-Өзөндө мерт болгондор эскерилет

Бүгүн Бишкекте жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы башаламандыкта курман болгондорду эскергени жатат. Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Асхат Дукенбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, алар түшкө жуук Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдына чогулушмакчы.

Казакстандын башкы прокурорлугунун билдиришинче, Жаңы-Өзөндө коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар арасында 16-декабрда болгон кагылышта өлгөндөрдүн саны 15ке жетти. Калабада 80дей адам жараат алып, 40тан ашуун имарат өрттөлгөн. Эртеси коңшулаш айылда болгон кагылышта 1 адам өлгөн. (KKs)