Президент Назарбаев Жаңы-Өзөнгө барды

Казак өлкө башчыcы кандуу тополоң болгон Жаңы-Өзөн шаарына барып, бир катар аткаминерлерди кызматтан алды.

Президенттин маалымат кызматы Маңгыс-Тоо облусунун губернатору  Карымбек Кушербаев, "КазМунайГаз" нефтегаз ишканасынын башчысы менен Улуттук "Самрук-Казына" корунун жетекчиси, Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматтан кеткенин билдирет.  

Маңгыс-Тоо облусунун жаңы акими Бауржан Мухамежановдун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө 16-декабрдагы тополоңдо жана ага уланган башаламандыкта мерт болгон 15 кишинин жоопкерчилиги "КазМунайГаз" компаниясынын жетекчилигине жүктөлөөрү айтылат.

Евробиримдик, ЕККУ, АКШ өкмөтү баштаган бир катар тараптар казак бийлигин окуяны кылдат иликтөөгө чакырат.