Түштөн кийин парламенттин кезексиз отуруму болот

Бүгүн саат эки жарымда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын талкуулайт.  Анда премьер-министрликке талапкер Өмүрбек өзүнүн программасын алып чыгат.  Өкмөттүн жаңы түзүмү жана курамы  парламентте кечээ каралмак. Бирок регламент боюнча тийиштүү жоболор аткарылган жок деген жүйө менен маселе каралбай калган. (AzK)