Эртең күн 8 градуска чейин жылыйт

Аба ырайын маалымдоочу борбордон “Азаттыкка” билдиришкендей, 25-декабрда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын кээ бир райондорунда гана кар жашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз +3...+8 градуске чейин жылыйт.
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз +2…+7 градус.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2…-8 градус, күндүз -+3…+8 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз +1…+6 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5.. -7 градус, күндүз +5... +7 градуска чейин жылыйт. (KKs)