"Азаттык" жарыялаган сынак жыйынтыкталды

"Азаттык" Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты баян, ой толгоолор үчүн кыргыз жана орус тилинде жарыялаган сынагын жыйынтыктады. Жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанаты 27-декабрда өттү. Кыргыз тилинде сынакка катышкандардын ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Уланбек Эгизбаевдин “Келечек колубузда” аттуу ой толгоосу эң мыкты деп бааланып, баш байге – нетбук ыйгарылды. Ал эми орусча сынактын жеңүүчүсү тарыхчы Назикбек Кыдырмышев аталды. Ага да нетбук тапшырылды. Мындан тышкары, 13 авторго кызыктыруучу белектер ыйгарылды. (RK)