Министрлик Оштогу жабыркагандар боюнча маалымат берди

Соңку сааттарга карай Оштогу дарыгерлерден алынган маалымат боюнча, Ош шаарынын аэропортунда болгон окуяда  ТУ-134  учагында жабыркагандардын саны баардыгы болуп 26. Учактын бортунда баардыгы 84 адам болгон. Окуя болгон жерге 7 тез жардам унаасы барган.  Медициналык топтун курамында 6 психолог бар. Алар 50 адамды карап чыгып, кеп-кеңештерин беришти. Окуя болгон жерден аныктаган кезде алардын жаш курактары 4 жаштан 34 кө чейин экендиги айтылып, негизинен башынын айлануусу, сөөктөрүнүн сыздашы, стресс  абалында болуусу, денесинин оорушу  менен ооруканага 12 адам  жаткырылды.  Жабыркагандардын арасынан 2 бала облустук  балдар ооруканасына жөнөтүлдү.  Даттанып кайрылгандардын ичинен биринин абалы орто оордукта. Мерт кеткендер жок. Кабарчыбыздын жана Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, учактын ичинде 82 адам болгон. (RK)