Газа тилкесинде "Ислам армиясынын" лидери жок кылынды

Израилдиктердин абадагы соккусунан "ал-Кайида" менен байланышкан "Ислам армиясы" деп аталган экстремисттик топтун лидери Момен Абу-Даф өлтүрүлүп, дагы 5 киши жарадар болду. ХАМАС тобунун өкүлдөрүнөн турган жергиликтүү бийлик сокку Газа-Зейтун шаарынын сыртында болгонун билдирет. 

Израилдик аскерлердин маалыматында болсо жоочулар Израилдин аймагын көздөй ракета койо берүүнү болжоп жатканда абадан сокку урулган.

Соңку күндөрү ашыкча исламчыл маанайдагы салафиттер жаатташкан палестин-жөөттөрдүн ортосундагы кырдаалды дагы курчутууда.