Сабалган адвокаттар боюнча кылмыш иштер тергелүүдө

Башкы прокуратура “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “июн коогасы боюнча иш алып барган адвокаттарга кол көтөргөн фактылар тергелбей  жатат”, - деген дооматын четке какты.

Укук коргоочулар адвокаттарды уруп-согууга алган беш учурду катташкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, төрт факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн натыйжасында бир иш тергелип сотко өттү. Бирөө токтотулуп, калгандары боюнча тергөө уланууда. (EBM)