Ашгабаттын 3-D кинотеатрында көрүүчү жок

Түркмөнстандагы жалгыз заманбап театрга келген көрүүчүлөр жок. Алты ай мурун ачылган миллиондогон көрүүчү бата турган кинотеатрда “Түркмөнстан – бейиштей жер” аттуу тасма көрсөтүлүүдө.  

Атын атабаган кинотеатрдын кызматкери көпчүлүк көрөрмандар тасманы эмес, театрдын имаратын көрүүгө келерин айтат. Тасманы көрсөтүү үчүн кеминде 5 киши келиши керек. Жекшемби күндөрү гана 10-15 киши келет.  

Бул кинотеатрды курууга 20 миллион акча сарпталып, аны француз компаниясы курган. Айнек менен мрамордон тарган курулуштун чыгымын «Түркмөннефтегазкурулуш» көтөргөн.