Москвада оппозициялык активист Сергей Удальцов камактан чыкты

"Солчулдар фронту" кыймылынын координатору Сергей Удальцов камактан бошонду. Аны ондогон тарапкерлери менен жарандык активисттер тосуп алышты. Интернетте бул окуя баштан-аяк чагылдырылды.

Шаршембиде Удальцовду ооруканадан чыгарышты. Ал бул жерге оозуна суу албай ачкачылык жарыялап түшкөн. Ооруканада жаткан маалда атайын кароол кайтарып турду.

25-декабрда Удальцов үчүнчү ирет полицияга баш ийген эмес деген негизде кармалган. Жактоочулары болсо мындай айыптоого эч кандай негиз жоктугун айтышат.

Удальцовдун талапкери, эколог-активист Ярослав Никитенкону бир топ адамдар Москва шаардык ИИБнын атайын кармоочу жайынын жанында күтүп жатышканы кабарланды.