Жарым ай ичинде өрт, жарылуудан 15 адам мерт кетти

26-декабрдан 10-январга чейинки аралыкта Кыргызстанда 160 өрт кырсыгы жана 2 жарылуу катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт. Мерт кеткендердин саны - 15 адам. Өрт кырсыктарынын себептери - электр жылыткычтарын пайдалануу эрежелеринин бузулушу, өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбашы.

28-декабрда Чүйдүн Кайыңдысында мунай базасындагы жарылуудан 5 адам мерт кеткен. Ошол эле күнү Оштун Ак-Тилек кичи районунда 40 тонналык күйүүчү май ташуучу автоунаанын бош цистернасын ширетип жатканда жарылуу болуп, 1 киши өлгөн. 7-январда электр жылыткыч сайылган үйдө өрт чыгып, ичинде камалган үч (бирге чыга элек, эки жана үч жаштагы) баласынан бишкектик бир үй-бүлө айрылды. (RK)