Индонезияда зилзаладан кийин цунами коркунучу тууралуу кабарланды

АКШнын Геологиялык изилдөө борборунун маалыматына караганда, зилзаланын күчү 7,3 баллга жеткен. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. 2004-жылы бул өлкөдө цунамиден 230 миңдей адам набыт болгон эле.