АКШ кайрадан Сириянын президенти Ассадды кызматтан кетүүгө чакырды

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Виктория Нуланд сириялык президент Башар ал-Ассаддын шейшебидеги билдирүүсүн комментарийлеп жатып, президент элдин көңүлүн негизги проблемалардан башка жакка бурууга аракет кылып жатат деди.

Шейшембиде Сириянын президенти жалпы элге кайрылуусунда өлкөдө 10 айдан бери уланып жаткан зордук-зобунду “сырттан жасалган кутум” деп, “террористтер менен диверсанттардын мыйзамдуу өкмөткө каршы көтөрүлүшү” катуу каршылыкка туш болоорун айткан.