Кыргызстанга зыян келтирди делген кытайлык жаран кармалды

Бишкектин "Манас" аэропортунда чек арачылар Кыргызстандын экономикасына зыян келтирди деп шектелип жаткан Кытай жаранын кармашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Каржы полициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ал соңку үч жыл ичинде кыргызстандык бейтаптарга ийне-рефлекс терапиясы, массаж боюнча медициналык кызматты расмий лицензиясы жок көрсөтүп, өлкөгө бир гана фирмасы боюнча 390 миң сомдой зыян алып келгени айтылууда. Мыйзамсыз ишкердүүлүк менен алектенген деп айыпталып жаткан кытайлык жаран Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында. Ал Бишкектен Үрүмчүгө учуп кеткени жаткан. (RK)