Орусияда оппозициянын митингине бийликтер уруксат беришти

Буга чейин оппозициялык “Яблоко” партиясынын лидери Сергей Митрохин Москва шаарынын бийликтери 14-январга белгиленген митинг өтчү бульварда ремонт иштери жүрүп жатат деп, уруксат беришпегенин айткан. Бирок шаардын бийликтери чын эле арыз түшкөн учурда ремонт болгонун, бирок ал 31-декабрда аяктаганын билдиришти.

Ишембиде өтө турган митингде “Яблоко” иштен кетишин талап кыла турган чиновниктердин тизмесин көрсөтөөрү айтылууда. Алардын катарына шайлоодо көз боемочулукка жол берген участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да бар.