Москвадагы өрттөн дагы бир кыргызстандык каза болду

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Дарыгерлердин айтымында, Анваржон Сатволдиевдин денеси 100% күйүп кеткен, ал оорукананын реанимацияда бөлүмүндө жатып көз жумду.

9-январда 24 жаштагы Толгонай Сатыбалдиева набыт болгон. Көз жумган эки жаран бир туугандар эмес.

9-январда Москвадагы италиялык ресторанда чыккан өрттөн жарат алган 6 кыргызстандык учурда шаардын ооруканаларында. Орусиянын баш калаасындагы  ресторанда чыккан өрттөн 3 адам каза болуп, 40тан ашуун киши жаракат алган. (AiK)