Прокуратура кызматкери маңзат менен кармалды

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 9-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасынын кызматкеринин унаасынан гашиш табылган.  Прокуратура кызматкеринин жанындагы жүргүнчүнүн чөнтөгүндө да маңзат болгон.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилди. (BkA)