Атамбаевдин Түркияга сапары аяктады

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга болгон беш күндүк расмий иш сапары жыйынтыкталып, ушул тапта Кыргызстанга учууга камынууда. Бул тууралуу Түркияда жүргөн кабарчыбыз Заирбек Бактыбаев кабарлады.

11-январда Түркияга аттанган кыргыз президенти түрк мамлекет башчылары менен эки өлкө ортосундагы кызматташуунун жаңы баскычына өтүү боюнча келишимге кол коюп, андан соң түрк парламентине барган. 13-январь күнү Атамбаев Анкарадагы Билкент университетинин ардактуу профессору наамын алды.
Бул жаңы шайланган кыргыз президентинин чет өлкөгө жасаган алгачкы расмий сапары болду. (JAk)