Караколдо санарип светофорлор коюла баштады

Ысык-Көл облус борбору Каракол шаарында санарип светофорлор коюла баштады. Шаардын биринчи вице-мэри Көлбай Карасартовдун "Азаттыкка" билдиришинче, ушу тапка карата баардыгы болуп үч кесилишке үчтөн светофор коюлду. Аларды ар бирин 433 миң сомдон Орусиядан сатып келишкен. Каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Облборбордо жол кыймылын жөнгө салуучу светофорлор эскилиги жетип, иштен чыга баштаган жана жол кырсыктар кыйла көбөйгөн. (MK/RK)