Мушарраф азырынча Пакистанга кайтпайт

Пакистандын муруңку президенти Первез Мушарраф мекенине кайтып баруу планынан азырынча баш тартышты мүмкүн. Мындай кеңешти ага тарапкерлери жана ал башкарган партиянын өкүлдөрү беришкен. Мушарраф 2008-жылкы парламенттик шайлоону союздаштары уткузуп, жаңы өкмөт ага импичмент жарыяламакчы болгондо, кызматынан кетүүгө жана чет өлкөдө баш калкалоого мажбур болгон. Ошондон бери экс-президент Дубай менен Лондондо ыктыярдуу бозгунда жашап келген. Өткөн жумада ал айдын этегинде мекенение кайтып барып, 2013-жылкы парламенттик шайлоого даярдык көрүү ниетин билдирген.

Ички иштер министри Рехман Малик Мушарраф кайтса, камакка алынаарын эскертти. Ага бир катар айыптар тагылууда. Атап айтсак, Мушарраф 2007-жылы киши колдуу болуп өлгөн экс-премьер Беназир Бхуттонун коопсуздугун жетишээрлик деңгээлде камсыздабагандыгы үчүн күнөөлөнүүдө.