Бишкектеги “Бакарди" клубунда өрт чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканга караганда,
22-январда түн ичинде тутанган өрттөн бардагы жумшак эмерек, үстөл, отургучтар, жанындагы ашканадагы идиш-аяк күйүп кеткен. Бактыга жараша тилсиз жоо адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.(BkA)