Сирия Араб лигасынын планын четке какты

Мамлекеттик теленин билдиргенине караганда, аталган план - Сирия элине каршы кутум. Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери ушул жекшемби күнү Каирдеги жыйынында президент Башар Асад бийликти орун басарына өткөрүп, мөөнөтсүз парламенттик жана президенттик шайлоого чейин улуттук биримдик өкмөтүн түзүүсүн караган планды макулдашкан. Араб лигасы ошондой эле өз планын бекитүүсү үчүн Улуттар уюмуна да берерин билдирген.

Мунун алдында Сауд Арабия Сирия Араб лигасынын тынчтык планынын шарттарын аткарбаганын белгилеп, өз өкүлдөрүн уюмдун байкоочулар миссиясынан чакырып аларын жарыялаган. Улуттар уюмунун эсебинде, президент Башар Асаддын режимине каршы он айга созулган толкундоолор учурунда 5000дей кишинин өмүрү кыйылды.