Франция парламенти армян кыргынын тааныды

Франциянын Сенаты 100 жылдай мурда Осмон султандыгы кезиндеги армян геноцидин тааныган мыйзам кабыл алды. Мыйзам долбоорун француз парламентинин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр жыйыны өткөн айда кабыл алган. Жаңы мыйзамга ылайык, 1915-16-жылдары армян кыргыны болбогон деген адам 1 жылга чейин түрмөгө кесилип, 45 миң евро (57 миң доллар) айып төлөйт.

Франциянын парламент менен иштөө министри Патрик Ольер сенаторлорго кайрылып: "(Кыргынды) тануу жалпы элдин эс тутумун шылдыңдоо болот. Бул жапа чеккен адамдарды эстен чыгарып, кыргынды айыптаганды унуттурмак. Жек көрүүчүлүккө тукургандар мезгил менен кошо жок болууга тийиш", - деди мыйзам долбоорун колго салар алдында.

Ырасмий Анкара Франция Сенатындагы добуш берүүнү Түркияны сыйлабоо катары баалады. Мындай билдирүүнү Түркиянын Адилет министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги жасады. Түркиянын Франциядагы мурдакы элчиси Улук Өзулкер француз Сенаты кабыл алган мыйзамды саясий кадам деп мүнөздөдү:

- Бул саясый кадам президентке жана президентке талапкерге жаңы добуштарды алып келүүгө багытталды. Бул Саркози мырза үчүн, президент Саркози үчүн экинчи мөөнөткө шайлануунун акыркы амалы.

Армениянын ырасташынча, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда осмон түрктөрү 1,5 миллион чамалуу армяндарды жок кылган. Түркия эки тараптан тең адамдар кырылганын, “генеоцид” деген натуура экенин айтып келет.

Бул мыйзам долбоору Франция менен Түркия ортосунда дипломаттык алаканы бир кыйла осолдоткон.