Ала-Арча дарыясындагы муз тазаланууда

Күн жылыганына байланыштуу Ала-Арча дарыясына жарым жартылай эриген муз толуп, деңгээлинен ашып кеткендигине байланыштуу Бишкектин 10-кичи районунда өзгөчө кырдаал түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Дарыяны муздан тазалоого атайын техника жөнөтүлүп, кеминде 350 куб метр муз тазаланды. Учурда жумуш уланууда. (KKs)