Бийликтердин айтымында, өткөн айда Жаңы-Өзөн шаарындагы тополоңдо 16 демонстрантты өлтүрүп алган деп үч полисмен камалды. Шаардагы башаламандык мунайчылардын бир айга созулган көчө митингинен кийин башталган. Казакстандын башкы прокурору Асхат Даулбаев шаршембиде телеканалдар аркылуу жасаган билдирүүсүндө үч оппозиционерди да “мунайчыларды тополоң чыгарганга шыкактаган” деп айыптап жатышканын айтты.