Йемендин президенти АКШга дарыланганы келди

Али Абдуллах Салех Кошмо Штаттарына келгенин Мамлекеттик департаменти бышыктап, бирок кайда дарыланаарын тактаган жок. Салех өткөн июндагы кол салууда жараат алган. Анын өлкөсү Йемен былтыр Араб жазынын таасиринде калып, 33 жыл бийликте турган Салехтин кетишин талап кылган демонстрациялар өткөн. Бир нече айга созулган толкундоолордон кийин Салех ноябрда кызматынан кетүүгө макул болгон. Кошмо Штаттары Салехти калкалап жатат деп сындалууда, бирок Вашингтон мындай кинени четке какты.